• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Адилхан Нурланбеков Азия чемпионатында коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 20.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Адилхан Нурланбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Адилхан Нурланбеков 72 кг салмакта коло үчүн күрөштө өзбекстандык Мирзабек Рахматовго каршы чыкты. Күрөштүн биринчи бөлүгүндө өзбекстандык балбан үч упай алып алдыда келе жаткан. Экинчи бөлүктө Нурланбеков дагы үч упай алып, эсепте 3:3кө өзгөрттү. Акыркы упайды кыргыз балбаны алгандыгы үчүн жеңиш Адилхан Нурланбековго берилди.

Азия чемпионатынын биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган. Экинчи күнү Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын байгеге ээ болду.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий