• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Адинай" сейил багында үч фазалуу электр системасы жок - мэрия партиялардын биринин билдирүүсүнө жооп кайтарды

Коом 0

Бишкек, 22.09.20/Кабар/. Бишкек мэриясынан мындан эки күн мурда "Адинай" сейил багындагы болгон окуя тууралуу айтып беришти.

"Жакында гана социалдык тармак аркылуу өлкөдөгү саясий партияларынын биринин өкүлү тарабынан фейк маалымат тараган. Анда жаңы курулган “Адинай” сейил багында иш-чара өткөрүү үчүн электр өткөргүчтөрү туташылбаганы айтылган. Айтылган малыматтар чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, аталган жерди мыйзам чегинде, башка ишканаларга берип жаткан шартта колдонууга берген.

"Адинай" паркы саясатчылар талап кылган үч фазалуу электр системасы туташкан эмес, анын зарылчылыгы деле жок. "Адинай" сейил багы спорт менен машыгууга арналган",- деп баса белгилешти муниципалитеттен.

Бишкек мэриясы саясат бирикмелерин өзүнүн иш-аракеттерин текшерүүнү, жалган маалымат таратпоого чакырат.

"Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардагы техникага уюштуруучулар өздөрү жоопту болушу керек", - деп кошумчалашты шаардык мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий