• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Адистер айтат: Жубайлар эмне үчүн ала жипти атташат

Дүр дүйнө 0

Адистер жубайлар эмне үчүн бири-биринин көзүнө чөп сала тургандыгын аныкташты,-деп The Journal of Sex Research басылмасына шилтеме берүү менен “Известия” гезити билдирет.

Басылманын өкүлдөрү мурда өз түйгөйлөрүнүн көзүнө чөп салган 495 адамды сурамжылоого алышкан.

Респонденттердин көпчүлүгү өз түйгөйлөрүн баштагыдай сүйбөй калгандыктан ала жипти аттагандыктарын билдиришкен. Бул жоопту сурамжылоого катышкандардын 77% айткан.

Сурамжылоого катышкандардын 74 пайызы бул кадамга баруу менен өз жашоолоруна бир аз болсо өзгөрүү киргизүүнү каалашкан.

Андан тышкары, сурамжылоого катышкандардын бир канчасы ала жипти аттоо менен өздөрүнө болгон ишенимди жогорулатууну каалашкандыгын жашырышкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий