• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Адистер: Ашыкча эмгектенгендер чач түшүү коркунучуна эки эсе бат кабылат

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Адаттагыдан көп эмгектенгендер чач түшүү коркунучуна эки эсе бат кабылат. Мындай жыйынтыкка Кореянын Сонгюнгван университетинин изилдөөчүлөрү келишкенин Medical Daily басылмасы жазып чыкты.

Изилдөөчүлөр 2013-жылдан 2017-жылга чейин 20-59 жаш курактагы 13,4 миң эркекке байкоо жүргүзүшкөн. Катышуучулар 3 топко бөлүнүшкөн. Алгачкы топтогулар жумасына 40 саат иштешкен. Экинчи топтогулар 52 саатка чейин, үчүнчүдөгүлөр жумасына 52 сааттан жогору эмгектенишкен. Изилдөөгө катышкандардын иш тартиби, жашы, билими, үй-бүлөлүк абалы, жаман адаттары жана башка изилдөөнүн жыйынтыгына таасир этүүчү факторлор эске алынган.

Адистердин айтымында, жумасына 52 сааттан жогору иштеген эркектер чач түшүү коркунучуна 2 эсе бат кабылат.

"Жумасына 40 саат иштөө нормасы болгон күндө да айрым жумушчулар иш убактысынан кийин жумуш ордунда иштеп жатканын көрүүгө болот", - деп белгилейт адистер.

Изилдөөнүн жыйынтыгында байкалгандай иш убактысынан ашыкча эмгектенгендер стресске салыштырмалуу тезирээк кабылат. Ал баштагы теринин гормоналдык өзгөрүүсүнө алып келгендиктен чачтын өсүүсү жайлайт. Иммундук система өзү да чачтын тамыр бөлүгүн козгой баштайт.

Чач түшүүнүн алгачкы белгилери эркектерде 20-30 жаш аралыгында байкалат. Адистер эркектерди иш убактысын көзөмөлдөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий