• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Адистер өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоону эскертишет

Коом 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө талаа түздөрдөгү куураган чөптөр жана бак-дарактардын өрттөнүп кетүү коркунучу өтө жогору. Ошондуктан жаратылыш койнуна эс алууга чыкканда, деги эле күнүмдүк турмуш-тиричиликте өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону адистер эскертишет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо менен сиз бир гана жаратылышты сактап калбастан, адам өмүрлөрүнүн, жан-жаныбарлардын коопсуз болушуна шарт түзөсүз. Айрыкча жаш балдардын ширеңке менен ойноосуна жол бербей, тамеки тартууда этият болуп, эс алууга барган жерлердеги очоктогу оттун чокторун толук өчүрүп, өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо менен сиз тилсиз жоонун алдын аласыз", - деп айтылат маалыматта.

Өткөн сутканын ичинде эле республиканын аймагында 30 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган. Катталган өрт кырсыктарынаын ичинен 21и куураган чөптөрдүн жана бак-дарактардын өрттөнүшү болгон. Булардын ичинен куураган чөптөр менен бирге бак-дарактар, отундар жана жан-жаныбарлар дагы кошо күйгөн өрт кырсыктары бар.

Тамеки тартуудагы этятсыздыктын айынан Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда ачык аянтта 50 чарчы метр куураган чөп жана 1 куб отун күйгөн. Ошондой эле белгисиз себептерден Чүй облусунун Сокулук районунун Нижний Чүй айылынынТарасовская көчөсүндө жалпы аянты 650 чарчы метр болгон чөпкана, 16 куб жыгач жана 1 жаныбар (торпок) күйгөн.

Ал эми Ош облусунун Өзгөн районунун Кароо айылынын Күнгөй тилкесинде жаш балдардын өрт менен болгон шоктугунун кесепетинен ачык аянтта 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылынын Алмабак көчөсүндө 1 тонна чөп жана 1 бак-дарак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий