• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Адистер Төө-Ашууда төгүлгөн мазуттан келтирилген зыяндын көлөмүн аныкташты

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Төө-Ашуу ашуусундагы мазут төгүлгөн жерге барды.

Ведомстводон белгилешкендей, тоо бетине 928 чарчы метр мазут, ал эми жол жээгине 460 чарчы метр мазут төгүлгөндүгү аныкталып, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян 33 миң 74 сомду түздү.

Белгиленгендей, төгүлгөн мазутту тазалоо боюнча ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгына жана Жайыл районунун акимчилигине тиешелүү каттар жөнөтүлгөн.

Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар менен аймактарды тазалоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, 2022-жылдын 12-февралында көрсөтүлгөн жерге барып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий