Адистердин баасы: Билим берүү тармагынын маселелери премьер-министр Жээнбековдун көңүл борборунда

Аналитика 0

Бир аз мурун премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына арналган жумушчу кеңешме жыйын ɵткɵрүп, анда аткарылчу иштердин негизгилерин белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди. Жыйында негизинен табигый кырсыктан жабыркаган мектептердин курулушун мɵɵнɵттɵн кечиктирбей бүткɵрүү, мектептерди интернетке кошуу тууралуу кеп козголду. Ушуга байланыштуу билим берүү системасын жакшы билген адистерден аталган жыйында кɵтɵрүлгɵн маселелер, Өкмɵт башчысынын тармакты алдыга жылдырууга болгон иш-аракеттери боюнча ойлорун билдик.

«Эми даярдык иштеринин жигердүү жүрөрүнө ишенип турам»

Алмазбек Токтомамбетов, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти

- Алмазбек агай, Өкмɵт башчысынын билим берүү тармагындагы иш-аракеттерин кандай баалайсыз?

- Жогорку деңгээлде баалайм. Анткени, Президент тарабынан да, Өкмөт тарабынан да, Жогорку Кеңеш тарабынан да бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууда. Дүйнөдөгү өнүгүп жаткан мамлекеттердин иш тажрыйбасына карасак, билим берүүнү жолго коюп, аны алдыга жылдырган мамлекеттер гана өнүгүп-өсүүдө. Ал эми алгач экономиканы көтөрүп алалы, анан билим берүүгө көңүл бурабыз деген сөз – жөн гана утурумдук өзүбүздү алдоо.

- Жаңы окуу жылына даярдыктар кандай?

- Ѳкмөт башчынын жумушчу кеңешмесинен кийин бул иш бир топ жигердүү жүрөт деп ишенип турам. Анткени, өкмөттүн 20-июлдагы жыйынында тапшырмалар так, конкреттүү берилип, милдеттер белгиленди.

- Билим берүү тармагына бюджеттен каржынын бөлүнүүсү кандай болуп жатат?

- Айлык акыдан башка чыгымдарга бюджеттен эч кандай каражат бөлүнбөй калган мезгилди да баштан өткөрдүк. Кийинки кезде билим берүүгө бөлүнгөн каражат уламдан улам эселенип өсүп жатат. Маселен, мугалимдердин айлыгынын акыркы кезде төрт эсе өскөнүнүн натыйжасында мугалимдердин жетишсиздиги кескин кыскарды.

- Премьер-министр алдыдагы жаңы окуу жылына даярдоодогу башкы маселе – кырсыктан жабыркаган мектептерди ɵз мɵɵнɵтүндɵ бүткɵрүү экенин баса белгиледи…

- Албетте, кырсыктан жабыркаган аймакта эл ичинде, ошондой эле окуучу балдар арасында да кандайдыр бир тынчсызданууну жаратты. Ошондой коркунучтуу окуялардан кийин балдардын жарака кеткен мектептерде же чатырларда окушу аларга психологиялык жактан да тескери таасир этип, алардын толук кандуу билим алуусуна терс кедергисин гана тийгизмек. Ошондуктан премьер-министрдин бул чечимин мен туура, өз маалында деп кабыл алдым. Кырсыктан жапа чеккен мектептерде жаңы окуу жылы үзүлтүккө учурайт деген сɵз болбошу керек.

«Ѳкмѳт тарабынан агартуу тармагына олуттуу кѳӊүл бурула баштады»

Кеңешбек САЙНАЗАРОВ, билим берүү жаатындагы эксперт

- Премьер-министрдин билим берүү тармагында жасап жаткан иш-аракеттери купулуӊузга толобу?

- Билим берүү тармагы оор абалда турган мезгилде Өкмөт башчысынын тармакка чындап көңүлүн буруп, омоктуу ойлорун айтып, чечкиндүүлүгүн көрсөтүп жаткандыгы сүйүндүрөт. Себеби, буга чейин мындай деңгээлдеги кызмат адамдарынын билим берүү тармагына мынчалык көңүл буруусу болгон эмес. Мында бүгүнкү Өкмөт башчысынын айткан, дегендери менен иши дал келүүдө.

Бүгүнкү күндө жалпы орто билим берүү системасында бир чоң көйгөй бар. Ал мектептердеги билим берүү программаларынын түп тамырынан өзгөрүлбөгөндүгү. Союздан калган программа менен келатабыз. Экинчи бир маселе мектепке чейинки билим берүүгө тартылбаган наристелердин саны көп. Өкмөт ушул маселелерге да терең көңүл бурат деп ишенем.

- Сиздин баамыӊызда, аймактардагы мектептерди интернетке кошуу иштери кандай жүрүүдө?

- Бул багытта иштер жакшы жүрүүдө, акырындап интернет түйүнү бардык мектептерди камтып баратат. Жалпы 775 мектеп интернетке туташтырылса, анын ичинен 608 мектепке интернет түйүнү жеткирилди. Алардын ичинде 28 мектеп чек ара тилкесинде жайгашкандар. Бирок ушул жерде бир нерсени айткым келет. Бул маселеде жалаң эле бюджеттин капчыгын карап туруп алдык. Маселеге ишкерлерди да тартып, мамлекеттик-жеке өнөктүштүктү жайылтсак болмок. Ар-бир райондо, айылдык аймактарда жеке ишкерлер бар да. Интернет маселесинде Өкмөт ошол ишкерлер менен иш алып барса деген оюм бар.

- Өкмөт башчысы заманбап интернет-технологияларды колдонуу менен билим берүү процессинде жаңы структураны куруу маселеси Өкмөттүн өзгөчө көңүл көзөмөлүндө экенин айтты. Бул жаңы структура билим берүү системасын сапаттык баскычка көтөрөбү?

- Өкмөт башчысынын бул айтканы мезгил, бүгүнкү реалий талап кылган нерсе. Интернеттерди туташтыруу менен эле интернет-технологияларды колдоно баштайбыз деген туура эмес. Мында электрондук маалымат системасын пайдалануу аркылуу окуучуларга сабак өтүү, мугалимдердин билим сапатын жогорулатуу, мектептерди башкаруу системасын мыктылоо ж.б. көптөгөн маселелер турат. Сооронбай Шарипович айтып жаткан жаңы түзүм чындап эле билим берүү системасын сапаттык жаңы баскычка көтөрөт. Башкысы, ал жаңы түзүмдүн натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылып, мындан ары билим сапатын жакшыртуу ишин улантыш керек.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий