• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Адистердин божомолу боюнча Кыргызстанда 466 миң адамда коронавирус жеңил түрдө өтүүдө - Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Адистердин божомолу боюнча Кыргызстанда 466 миң адамда коронавирус жеңил түрдө өтүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Кыргызстандагы Илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала божомолу боюнча, бизде 9 жашка чейинки балдардын оорушу дээрлик аз болгондуктан, аларды эсептен алып салганда, коронавируска чалдыгуусу мүмкүн деп эсептөөгө болжол менен 4,2 млн адам киргизилип, прогноздор жүргүзүлдү”, - деди ал

Ал белгилегендей, ачык булактардын маалыматтарына ылайык, элдин үчтөн эки бөлүгү ооруга чалдыккан жок же оору белгилери жок өтүп жатат. Ал эми 1,4 млн адамдын ичинен үчтөн бир бөлүгүндө же 466 миң адамда оору жеңил түрдө дарыгерлердин жардамысыз өтүп жатат.

Анын айтымында, учурда дагы тактоочу эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен калктын канча пайызы ооруп жатканын же ооруп чыкканын божомолдоп айтууга болот.

Пикир

Оставить комментарий