• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Адистердин эсеби боюнча суу тартыштык мезгили беш жылга созулат - Назаров

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Кошумча 600 МВт кубаттуулугун киргизсе, Кыргызстан энергетика жактан толук көз карандысыз боло алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылга чейин өлкөбүз электр энергиянын ашыкчасын коңшу мамлекеттерге сатып келген. Бирок, акыркы 3 жылдын бери өлкөдө электр энергияны пайдалануу 6-7%га өсүүдө.

“Акыркы жылдары өндүрүлгөн электр энергия менен аны пайдалануу теңелип, резервде аз кубаттуулук калууда. Бул абал өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына коркунуч болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө резервде 100 МВт бар. Кошумча кубаттуулукту киргизүү керек. Аны жасабасак, биз энергияны башка өлкөлөрдөн ташып, энергетикалык жактан көз каранды болуп калабыз”, - дейт Назаров.

Ал белгилегендей, суу тартыштык мезгили келгендиктен Тажикстан, Түркмөнстан жана Казакстан менен электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Назаровдун айтымында, адистердин эсеби боюнча суу тартыштык мезгили беш жылга созулат.

Пикир

Оставить комментарий