• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 22.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 18-январында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты айрым бир мамлекеттик органдан башка мамлекеттик органга иш-милдеттерин өткөрүп берүүгө байланыштуу мыйзамдарды шайкеш келтирүү болуп саналат.

Тактап айтканда Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына (мындан ары-Мамэкотехинспекция) функцияларын өткөрүп берүү аркылуу жоюлуп, Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү ишке ашыруудагы өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатында ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуп жаткан кызмат адамдарына, жеке жактарга жана юридикалык жактарга мыйзамга ылайык таасир этүү чараларын көрүү функциялары Мамэкотехинспекцияга өткөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүү жана/же жүгүртүү боюнча мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо, этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү лицензиялоо, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо боюнча функциялары өткөрүлүп берилген.

Ошону менен бирге пилоттук долбоордун негизинде Бишкек шаарынын Октябрь району жана Чүй облусунун Сокулук району камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы аныкталган.

Андыктан кабыл алынган Мыйзам менен аталып кеткен мамлекеттик органдардын мамлекеттик көзөмөлдөөнү жүргүзүү, администрациялык укук бузууларды кароо жана администрациялык айып пулдарды салуу боюнча ыйгарым укуктары Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизүүсү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий