• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу боюнча жумушчу топтун отуруму өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, бул жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.

Кубатбек Бороновдун айтымында, буга чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын иштеп чыгуу тапшырылган. Жол картасын иштеп чыгууда эксперттик топ да иштеген.

«Жумушчу топ 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө өлкө Президентинин жогорудагы Жарлыгынан келип чыккан тиешелүү документтердин долбоорлорун киргизүүгө тийиш», - деп эскертти биринчи вице-премьер-министр.

Жол картасы алкагында мамлекеттик программаларды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программаларын айкалыштыруу үчүн шарттар даярдалат (методика жана тестирлөө), жарандардын сурамаларына жана башка иш-чараларга багытталган мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө тутумдары реформаланат.

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев маалымдагандай, учурда Жол картасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук долбоору иштелип чыккан. Тиркелген долбоордо административдик-аймактык реформаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аракеттердин 3 баскычы аныкталган.

Биринчи вице-премьер-министр мамлекеттик органдардын жана административдик ведомстволордун бардык жетекчилери жумушчу топтун сурамасы боюнча ыкчам тартипте тийиштүү маалыматты бериши жана ага колдон келген көмөктү көрсөтүшү тийиш экендигине басым жасады.

«Сиздердин ар-бириңиздер активдүүлүк көрсөтүп, Президенттин Жарлыгын аткаруу алкагында Өкмөттүн алдына коюлган бардык милдеттер өз мөөнөтүндө аткарылышы үчүн күч-аракетиңиздерди жумшооңуздар керек», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий