• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Административдик кызмат орундарына кирүү жаңы эрежелери мамлекеттик кызматкерлерге талаптарды күчөтүүгө багытталган

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы №320 «Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомумамлекеттик кызматкерлерге талаптарды күчөтүүгө багытталган. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин аракеттеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына административдик кызматтарга кирүү Эрежелери талапкерлердин белгиленген квалификациялык талаптарга дал келүүсүн ырастоо боюнча таасирдүү механизмдерди жана милдеттүү процедураларды камтыган эмес. Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын административдик кызматтарына тийиштүү квалификациялык талаптар буга чейинбекитилген эмес.

Административдик кызматтарга кирүү жаңы Эрежелерин кабыл алуу бош кызматтык орундарга талапкерлерге талаптарды жогорулатууга багытталган жана алардын белгиленген квалификациялык талаптарга дал келүүсүн ырастоо боюнча милдеттүү жана кошумча процедуралар каралган.

Талапкерлердин белгиленген форма боюнча резюме жана буга чейинки иштеген ишинен жетишкен кесипкөйлүк натыйжалары көрсөтүлгөн жетекчилердин жана кесиптештеринин үчтөн кем эмес сунуштамасынберүүлөрү жөнүндө ченем киргизилүүдө.

Муну менен бирге талапкердин коюлган квалификациялык талаптарга ылайык жөндөмдүүлүктөрүн, билимин жана шыктарын аныктоо үчүн милдеттүү түрдө аңгемелешүү каралган (буга чейин бул ченем милдеттүү болгон эмес).

Кесиптик компетенцияларын ырастоо жана аныктоо үчүн талапкерлерди кошумча практикалык тапшырмаларды аткаруу жыйынтыгы боюнча баалоо каралган (эссе, практикалык тапшырма, анкета толтуруу жана кадрларды тандоонун башка түрлөрү). Буга чейин мындай ченем болгон эмес.

Административдик кызматтарга кирүү жаңы Эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына административдик кызматтарга дайындоодо бир катар артыкчылыктарды карайт, мисалы, ички кадрдык резервде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук кадрлар резервинде турган жактарга, мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарында жана/же республикалык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын аппараттарында иштөө, мамлекеттик башкаруунун ар түрдүү деңгээлдеринде (республикалык жана жергиликтүү) иштөө тажрыйбасы бар талапкерлерге.

Пикир

Оставить комментарий