• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Административдик-процесстик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жѳнүндѳ» КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган, - деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мыйзамдын максаты Административдик-процесстик кодекстин жоболорун КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 26-июнундагы чечимине шайкеш келтирүү болуп саналат.

Тактап айтканда, КР Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин «, бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет» деген ченемдик жобосу КР Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Пикир

Оставить комментарий