• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Административдик ресурс – бул миф, анткени добуш берүү процедурасы көзөмөлдөнбөйт - Жекшеев

Коом 0

Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. Шайлоодо административдик ресурс колдонулуп жатканы тууралуу имиштерди өзүнө ишенбеген талапкерлер чыгарууда. Административдик ресурс шайлоочуларды тигил же бул талапкерге добуш берүүгө түртө албайт. Себеби процедура көзөмөлдөнбөйт. Мындай пикирин коомдук ишмер Жыпар Жекшеев шайлоодо бийлик административдик ресурстарды колдонушу тууралуу имиштер боюнча билдирди.

Анын айтымында, административдик ресурс колдонулса да, бул шайлоонун жыйынтыгына эч таасирин тийгизбейт.

“Шайлоо процедураларын көзөмөлдөөнүн жана шайлоочу кимге добуш бергенин текшерүүнүн, далилдөөнүн мүмкүн эместигин эске алуу менен – бул четке кагылат. Шайлоочулардын аракеттерине эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Жөн гана административдик ресурс шайлоонун жыйынтыгына таасир бериши кыйын”, - деп билдирди Ж.Жекшеев.

Ал административдик ресурс колдонулбаса да, элдин колдоосуна ишенбеген талапкер шайлоочулардын көңүлүн бурдуруу максатында ойлоп чыгаруулары мүмкүндүгүн белгиледи.

“Бул өзүнө жана өзүнүн колдоосуна ишенбегендик. Мындай талапкерлер себептерди, ойдон чыгарылган нерселерди, болумуштарды издей беришет. Мындай ыплас ыкма шайлоолордо оппозициялык талапкерлер тарабынан кеңири колдонулат. Алар бардыгына бийликти күнөөлөп, административдик ресурсту ойлоп табышат. Себеби алар үчүн башка бута жок. Өздөрүн курмандык катары көрсөтүүсү талапкерлердин өздөрүнө ишенбегендиги болуп саналат. “Мага добуш бергиле” деп айтуу алар үчүн алсыздык, алар бийликти же бийликтин талапкерин душман көрсөтүп, өздөрүнө көңүл бурдуруулары керек”, - деп түшүндүрдү коомдук ишмер.

“Бул өңүттөн алганда Сооронбай Жээнбековдун позициясы өтө ыңгайсыз. Себеби бардык талапкерлер аны көздөй сокку урушат. Анткени ал бардык талапкерлерге атаандаш болгон жалгыз талапкер”, -деп жыйынтыктады Жекшеев.

Пикир

Оставить комментарий