• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Адвокаттык иш жүргүзүү үчүн 8 талапкер лицензияга ээ болду

Коом 0

Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 8 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-июнунда Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзаменин өткөрдү.

Экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 36 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 33 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 8 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык 110 суроодон турган Компьютерлик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелишет.

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкер, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер:

1.Абдувохид уулу Абдуносир;

2.Асанов Тенизбай Турдуевич;

3.Мамаев Эрмек Эркинбекович;

4.Мухамет уулу Бекжан;

5.Сайфуллаев Жахонгир Хурсанович;

6.Чойбеков Буланбек Токтогонович;

7.Шерипов Улан Турганбекович;

8.Юсупов Рахматулло Анваржанович.

Пикир

Оставить комментарий