• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 01.03.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) директорлор кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары өкмөттүк программада – Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында чагылдырылган негизги максаттарга токтолуп, АӨБ менен мүмкүн болуучу кызматташуунун негизги багыттарына токтолду.

Өз кезегинде АӨБ Директорлор кеңешинде Кыргыз Республикасынын атынан чыккан Карен Мюррей белгилегендей, АӨБ мындан ары да климаттын өзгөрүшү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, ошондой эле аймактык кызматташтык жана интеграция чөйрөсүндө колдоо көрсөтүүгө артыкчылык берет.

Соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары энергиянын кайра жаралуучу булактары, чакан ГЭСтерди куруу жана «жашыл» күн тартиби жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну артыкчылыктуу багыт катары белгилеп, Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий