• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Адылбек Касымалиев ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарына болгон (Россия Федерациясы) жумуш сапарынын алкагында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттарын, тагыраагы эмгек рыногунда жана туризмде санариптик мамлекеттик башкаруу долбоорлорун ишке ашыруу, республиканын транспорт тармагын санариптик трансформациялоону талкуулашты.

Белгилей кетсек, жолугушуу Кыргыз Республикасынын делегациясынын бүгүн Москвада өткөрүлгөн Көз карандысыз мамлекеттер биримдигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышуусунун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий