• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Адылбек Касымалиев ЕРӨБ аймактык башчысы Айтен Рустамова менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 18.01.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы, Тажикстан Республикасындагы жана Түркмөнстандагы аймактык жетекчиси Айтен Рустамова менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, анын ичинде санариптештирүү, аялдар ишкерлиги жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кеп жүрдү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык башчысы Айтен Рустамова Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш жана Бизнес-акыйкатчы сыяктуу институттардын жетекчилерин дайындоо маселесин талкуулады.

Адылбек Алешович Касымалиев бизнес менен диалогду өнүктүрүүдө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууда аталган институттардын маанилүү экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий