• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Адылбек Касымалиев: Министрлер кабинети таза иштөөдө

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинети таза иштөөдө – уурдаган жок жана башкаларга уурдоого мүмкүнчүлүк берген жок. Бул тууралуу Бишкек экономикалык форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы 8 айда бюджетке салык төлөмдөрүнүн түшүүсү 54 пайызга көбөйдү.

Ал белгилегендей, мындай натыйжага жаңы салыктарды киргизбестен, фискалдык органдардын базасын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун эсебинен гана жетишилди.

“Президенттин жетекчилиги астында биз мамлекеттин кирешелерин көбөйтүү боюнча чоң максаттарды койдук. Бул мамлекетибиздин чыңдалышына жана өнүгүшүнө, элдин турмушунун сапатын жогорулатууга жана жакшыртууга негиз болуп саналат. Эгерде 2021-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 326 млрд сом болсо, быйыл 424 млрд сомго жетти. Келерки жылы 500 млрд сом чогултууну максат кылып жатабыз”, - деп белгиледи Касымалиев.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө аткаруу бийлигинин негизги милдети калктын турмушун жакшыртуу болуп саналат, ал үчүн төмөнкүдөй активдүү чаралар көрүлүп жатат:

  • мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу жана оптималдаштыруу;
  • башкаруунун жана мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • инвестиция тартуу;
  • укуктук жана мыйзамдык базаны өркүндөтүү;
  • ички соода чечимдерин кеңейтүү.

“Биздин эртеңки күнгө ишенимдүү кароого жол ачкан бүгүнкү күндөгү эң башкы жетишкендигибиз бир эле учурда бир катар багыттарда мамлекеттик кирешени олуттуу көбөйтө алгандыгыбыз. Кыргызстандын өкмөтү уурдабай, башкаларга дагы уурдатпай таза иштеп жатат. Коррупция менен күрөшүү сөз бойдон эле калбастан, иш жүзүндө жүзөгө ашырылууда. Биз жакырчылык жана тышкы көз карандуулук синдромунан баш тарттык. Өз тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда жана биз өзүбүздүн күчүбүзгө гана ишенишибиз керек”, - деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле министрлер кабинетинин биринчи орун басары Кыргызстандын быйыл кызматташуусуна 30 жыл толгон Дүйнөлүк банк менен эки тараптуу кызматташуусунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ал өнөктөштөргө өлкөдөгү актуалдуу маселелерди чечүүдө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын башкаруучу директору Аксель фон Тротсенбург өз сөзүндө Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин, өлкө жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана мигранттардын акча которууларына көз карандуулуктан чыгууга багыт алышы керектигин белгиледи. Ал дүйнөлүк каатчылык учурунда өлкөлөр туруктуу өнүгүүнүн узак мөөнөттүү пландарын сактоо менен кыска мөөнөттүү демилгелерге басым жасашы керектигин кошумчалады.

Биринчи Бишкек экономикалык форуму бүгүн, 5-октябрда башталды. Ал Кыргызстандын экономикасынын соккуларга туруктуулугун жогорулатууга жана трансформациялык өзгөрүүлөргө мүмкүндүк бере турган артыкчылыктуу реформалар боюнча диалог үчүн аянтча катары кызмат кылууга багытталган. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, чет элдик жана ата мекендик эксперттер катышууда. Алар Кыргызстандын экономикалык өсүүсүнүн көйгөйлөрүн, андан тышкары республиканын туруктуу экономикалык өсүү менен камсыздоого жана жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүүнү жөндөмдүү реформаларды талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий