• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Адылбек Касымалиев жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, райондордун акимдери менен видеоконференция режиминде кеңешме өткөрдү.

«Жергиликтүү бийлик органдарына экономиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактарда социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу милдеттер коюлган. Аймактарды күз-кыш жылытуу мезгилине жана жаңы окуу жылына даярдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Президенттин Жарлыктары да толук көлөмдө жана бекитилген иш-чараларга ылайык ишке ашырылышы керек», - деди Адылбек Касымалиев.

Кеңешмеде 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыктары, президенттин чечимдерин жана «Жашыл Мурас» улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун отчеттору угулду.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекетик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына төмөнкүдөй бир катар тапшырмалар берилди:

- жер-жерлерде жетиштүү сандагы отун базаларын жана көмүр сатуу пункттарын уюштуруу;

- калкты керектүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу;

- «Санарип аймак» тутуму менен иштөө боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу;

- контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү боюнча ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин улантуу;

- түшүмдү өз убагында жыйноо;

- көчөт отургузуу жана жашыл аянттарга кам көрүү боюнча кампанияны улантуу;

- мектептерде оңдоо иштерин өз убагында жыйынтыктоо жана өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринде директорлук кызматка сынак өткөрүүнү камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий