• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Аэрофлот" эмдөөдөн баш тарткан учкучтарын жумуштан четтетти

Дүйнө 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. "Аэрофлот" COVID-19га каршы эмдөө алуудан баш тарткан алты учкучун жумуштан четтетип, маянасыз өргүүгө жөнөттү. Бул тууралуу РБКга авиакомпаниянын өкүлү Михаил Демин билдирди. Ал "Аэрофлотто" эки миңден ашуун учкуч бар экенин белгиледи.

6-сентябрда Шереметьев учкучтар курамынын кесиптик кошууну "Аэрофлот" эмделбеген учкучтарды жумуштан четтетип жатканын, бирок "иш берүүчүнү мындай чара колдонууга эч ким милдеттендирбегенин" билдирди. Кесиптик кошуундун башчысы Игорь Дельдюжов уюмга ондой учкуч кайрылганын, алардын арасында аба кемесинин командирлери менен катар экинчи учкучтар да бар экенин билдирген. Учкучтарды жумуштан 16-августтан баштап четтете башташкан.

Дельдюжов "Аэрофлоттун" башкы директору Михаил Полубояриновго жазган катында авиакомпания кызматкерлеринин 84 пайызы эмдөөдөн өткөнүн, талап кылынган чек 60 пайыз экенин белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий