• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аэропортто аткезчилик менен алектенген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-июня /Кабар/.Манас” эл аралык аэропортунда 27 млн сомдук алтын аткезчилиги менен Кыргызстандык жаран кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган мекеменин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 22-июнунда УКМК кызматкерлеринин ыкчам жүргүзгөн иштерине ылайык, Эл аралык “Манас” аэропортунда Кыргызстанга көп өлчөмдө мыйзамсыз алтын алып кирүүгө аракет кылган жеринен «У.И.» аттуу жаран кармалган.

Каржы министрлигинин алдындагы Кымбат баалуу металл департаментинин жүргүзгөн экспертизасынын жыйынтыгы менен, колго түшүрүрүлгөн зер буюмдар 585 алтын сынамда жазалган баалуу таштар 12 кг 363,48 гр экени аныкталган. Базар баасы менен алардын наркы 27 млн сом турат.

Бажы кызматынын эсеби боюнча аталган товарды өлкөнүн аймагына алып киргенге бажы төлөмдөр 5млн 200 миң 045 сом турат.

Бул факты боюнча УКМК «У.И.»аттуу жаранга жана “Манас” бажысынын жооптуу адамдарынын үстүнөн “аткезчилик” жана “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелеренин негизинде кылмыш ишин козгоду. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий