• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Манас" аэропортундагы “электрондук дарбазадан” өткөн адам издөөдө жүргөн

Коом 0

Бишкек, 28.12.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. “Манас” аэропортундагы “электрондук дарбазадан” алгачкы болуп өткөн адам укук органдары тарабынан издөөдө болгон. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортундагы “электрондук дарбазалардын” ачылыш салтанатында белгилүү болду.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев премьер-министр Сапар Исаковго дарбазадан алгачкы болуп такси айдоочу өткөнүн айтып берди. Бирок инсанды идентификациялоодон соң ал издөөдө жүргөнү аныкталган.

“Биз көчөдөн такси айдоочусун жабдуудан өтүп берүүнү сурандык. Натыйжада ал милициянын издөөсүндө жүргөнү аныкталып чыкты”, - деди Шаршеев.

Ал аэропорттун жаңы жабдыгын алгачкы сыноочу укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий