• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аэропортторду мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө өткөрүү менчиктештирүүнү билдирбейт – Абдылдаев

Коом 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Аэропортторду мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө өткөрүү менчиктештирүү дегенди билдирбейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Экономика министрлигинин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев билдирди.

Ал белгилегендей, аэропорттордо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасын колдонуу эл аралык тажрыйба болуп саналат. Абдылдаевдин пикири, боюнча бул ыкманы аэропорттордун инфраструктурасын, көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жакшыруу, кирешени арттыруу үчүн жасалат.

Анын айтымында, бул боюнча 2019-жылдын февраль айында өкмөт, мекемелер аралык жумушчу топ түзгөн: мамлекеттик органдардын, эксперттик уюмдардын өкүлдөрү ж.б. кирген. Алар тарабынан кеңеш берүүчү катары Эл аралык каржы корпорациясы тандалып алынган.

"Мамлекеттик мүлктү, объектти мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырса ал мамлекеттин көзөмөлүндө жана мамлекеттик менчигинде калат. Ал жеке тарапка колдонууга берилип, мөөнөтү бүткөндө мамлекетке кайтарылат", - деди ал.

Азырынча аэропорттор канча убакытка берилери белгисиз. Бирок Абдылдаевдин айтымында, бул ыкма боюнча ал эң көп 30 жылга берилиши мүмкүн.

Бул долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин, анын мөөнөтү, жеке тарапка кандай шарттар менен берилери белгиленет.

"Аэропорт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча колдонууда болгондо, мамлекет киреше ала берет. Анализге жараша ал балким 50/50 же 60/40 болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий