• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Афган согушунун ардагерлери менен куткаруучулардын жолугушуусу болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Афган согушунун ардагерлери менен ӨКМдин куткаруучулары жолукту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 15-февраль Афганистандан советтик аскерлер чыгарылган күнүнө карата өткөрүлдү.

Жолугушуу учурунда согуш талаасындагы баатырларча курман болгон мекендештерибизди эскерүү менен бирге, согуш убагындагы коюлган күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу учурундагы кыйынчылыктар жана кызыктуу окуялар айтылды.

Белгилей кетсек, Мекенге болгон патриоттук, атуулдук сезимдерин күчөтүүгө багытталган иш-чара болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий