• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Афган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 29.08.17 /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Бишкекте жол кырсыгынан Афган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Тыныбек Кадыров каза болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ШИИБнын Жол кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы түнү болжол менен саат 01:15 чамасында болгон. Кадыров Тимур Фрунзе көчөсүндө Toyota Land Cruiser унаасын айдап баратып, рулду башкара албай, жол жээгине чыгып, түркүктү сүзүп алган.
Жол кырсыгына кабылган Кадыровду дароо Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткиришкен.
Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий