• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы: Программанын өзөгү - турак-жай көйгөйлөрүн чечүү

Шайлоо 2020 0


Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Советтер Союзу кыйрагандан бери дээрлик 30 жыл ɵттү. Бул мезгил аралыгында биз курулай сөз менен убада кылып, бирок иш жүзүндө эч нерсе кылбаган адамдарга ишеним артып келдик. Өлкɵдɵ эч нерсе калган жок, баары кыйраган жана уурдалган, адамдар жакыр жана биз эч бир өнүгүүгө жетишкен жокпуз.

Биз коррупцияны жок кылуу боюнча реалдуу программаны сунуштайбыз, эгерде эл бизди колдосо, анда биздин партияны парламентке шайлагандан кийин, биринчи кезекте, биз “Мыйзамсыз иштеп тапкан мүлктү конфискациялоо жөнүндө” мыйзам кабыл алабыз. Бул мыйзам 1995-жылдан берки бардык мыйзамсыз иш аракеттерге жайылтылат. Кыскараак, бир нече тезиске токтололу. 1995-жылдан тартып азыркы убакка чейин кызмат адамдарынын кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып кылмыштуу жол менен табылган мүлкү конфискацияланат. Ким, качан жана кантип байыганына иликтөө жүргүзүлөт. Иликтөө жана конфискация жалпы мүлкү 5 млн сомдон ашкан адамдарга жана алардын үй-бүлөсүнө тиешелүү болот.

Биздин эң башкы максат - бул адамдарды жеткиликтүү заманбап турак жай менен камсыздоо. Курулай сөз менен тойгузбай, азыр жана ушул жерде жасаш керек. Тагыраак айтканда: ар бир кыргызстандык бир үй-бүлө мүчөсү кеминде 20 чарчы метр эсебинде өздүк турак жай менен камсыздалат, айына 7000 сомдон төлөмдөр менен! Ѳлкѳнүн түндүгүндө жана түштүгүндѳ комплекстүү Темир-бетон заводтору курулат, ал бир нече багыттар боюнча ѳндүрүштү ишке ашырат. 2 завод ѳндүрүмдүүлүк кубаттуулугу жылына 3,5 чарчы метр болот. 10 жылда курулат:

1) 25 млн чарчы метр турак жай – 300 000 батир жана айыл жеринде 70 000 коттедж үйлөр, 1млн 400 миң адам турак жай менен камсыздалат;
2) 3 млн чарчы метр социалдык маанилүү объекттер – бул 165 000 окучууга 185 мектеп, 75 000 балага эсептелген 300 бала бакча.
3) 5 млн чарчы метр айыл чарба фермалары, өнөр жай имараттары, стадиондор, пансионаттар жана логистика борборлору.

Биз асыл текум чарбасынын калыбына келтирүү программасын иштеп чыктык. Карапайым адамдарды чогултуп заводдору жана фабрикаларды куруп ѳнүмдү ѳзүбүз кайра иштетүүнү, өз алдыбызча акча иштеп табууну үйрөнүү.

Дыйкандын жана керектөөчүнүн ортосундагы ортомчулардан арылабыз!

Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында реформаларды жүргүзөбүз. Билим берүү тармагын реформалоо боюнча маселенин бири – бул Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларында санариптештирүү жана акысыз билим берүү.

Мамлекетте медициналык камсыздандыруу фонду түзүлгѳн, бирок социалдык тѳлѳмдѳр кандайча бѳлүштүрүлѳѳрүн эч ким билбейт. Курулуш корпорациясынын жардамы менен 100 оорукана курабыз.

СССРди калыбына келтирүү мүмкүн эмес, бирок Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Армениянын, Россиянын жана Беларусиянын ортосундагы чек араларды бириктирүү реалдуу нерсе.

Биз СССРдин аскердик сыйлыктарына ээ болгон - Улуу Советтер Союзунун акыркы жоокерлерибиз. Биз - Улуу Өлкөнүн балдарыбыз!

Биз өлкөнү элгек айтарып беребиз.

Биз анык элдик депутатты кайтарып беребиз. Адамдар үчүн мыйзамдарды кабыл алып жана реформаларды жасай турган элден чыккан карапайым адамдарды алып келебиз. Бул биздин Ата Мекен алдындагы милдетибиз. Ал эми сиздин милдет - бизге чоң ишеним артуу.

Биздин катарда бир дагы чиновник же олигарх жок. Биздин катарда жөнөкөй дарыгерлер, мугалимдер, жумушчулар, дыйкандар, инженерлер, юристтер жана экономисттер!

Өкмɵткɵ, олигархтарга үмүт артууну токтотолу! Келиңиздер ɵзубузгɵ гана үмүт арталы! Элдик Холдингди, ал эми анын алдында Корпорацияларды түзөлү жана мунун баары элге таандык болсун.

Толук маалымат биздин программа боюнча партиянын сайтынан алсаңыз болот; partiya-afganzev.kg жана социалдык тармактардагы баракчаларыбыздан; FACEBOOK баракчасы; Партия Афганцев,

INSTAGRAMM баракчасы; partiyafgancev, YOU TUBE – каналы; Партия Афганцев

Байланыш телефондоруна чалып, суроо берип маалымат алсаңыз болот! WhatsApp +996 502 43 69 69, +996 312 43 69 69,; +996 550 43 69 69;+996 771 43 69 69

Дареги: г. Бишкек, ул. Огонбаева 222, Почтасы e-mail; partiya.afganzev@ gmail.com

Материал "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий