• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Афганистан: Жума намаз окулуп жаткан мечитте жардыруу болуп, 31 адам мерт кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Афганистандын Нангархар провинциясындагы мечитте эки жардыруудан курман болгондордун саны 31ге жеткенин Пажвак агенттиги билдирди.

Жардыруу жума намаз окулуп жаткан учурда болгон.

Буга чейин кырсыктан 20 адам көз жумуп, 50сү жабыркаганы айтылган.

"Жергиликтүү Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, 31 сөөк жана ондогон жабыркагандар ооруканага жеткирилген", - деп аталган агенттик Twitter баракчасынан билдирди.

Нангархар провинциясынын Хаска Мина районундагы мечитине жума күнү ракета түшкөн. Пажвак агенттиги белгилегендей, ракеталар жарылгандан кийин мечиттин чатыры урап түшкөн.

Аталган аймактагы бир дагы топ окуя боюнча жоопкерчиликти мойнуна алган жок.

Пикир

Оставить комментарий