• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Афганистанда 83 адамы бар учак кырсыкка учурады

Дүйнө 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Афганистандын Газни провинциясында Ariana Afghan Airlines авиакомпаниянын учагы кыйрады. Бул тууралуу 1TV телеканалы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Алдын ала маалымат боюнча, учактын ичинде 83 киши болгон.

Маалыматка ылайык, жүргүнчү ташыган учак Афганистандын Герат шаарынан Кабул шаарына учуп бара жаткан.

Пикир

Оставить комментарий