• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Афганистанда ИМ менен “Талибандын” кагылышуусунан 90 согушкер өлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Афганистандын түндүгүндө “Талибан” радикалдык кыймылы менен “Ислам мамлекети” террордук тобунун кагылышуусунан кеминде 91 согушкер өлдү. Бул тууралуу Khaama Press агенттиги билдирди.

Жергиликтүү бийлик талибдерден кеминде 76 адам, “ИМ” тобунан 15 согушкер каза болгонун билдиргенин маалымдаган агенттик бул болжолдуу маалымат экенин белгилеген. Жаузжан провинциясынын губернаторунун өкүлү кагылышуу шейшемби күнү Дарзаб уездинде башталганын, азыркыга чейин уланып жатканын билдирген.

Афганистандагы кырдаал акыркы айларда начарлап кеткен. Мурда өлкөнүн райондорунда ири аймакты ээлеп келишкен талибдер эми ири шаарларга басым жасай башташкан. Ошондой эле, өлкөнүн аймагында ИМ тобунун таасири дагы күчөгөн.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий