• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Афганистанда катуу жер титирөө катталып, кеминде 280 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Афганистанда катуу жер титирөө катталып, анда кеминде 280 адам каза болду. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы жазды.

"Афганистандын түштүк-чыгышында катуу жер титиреп, анда кеминде 280 адам каза болуп, 600дөн ашыгы жабыркады. Кырсык таңга жуук элдер уктап жаткан учурда катталган", - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү бийлик курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн деп божомолдоодо.

"Жер титирөөнүн очогу Афганистандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарынан болжол менен 44 км аралыкта жайгашкан. Жер титирөө 500 км аралыктагы чек арада, анын ичинде Пакистан менен Индияда дагы сезилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий