• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Афганистанда коронавирусту жуктурган алгачкы бейтап айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Афганистанда коронавирусту жуктурган алгачкы бейтап айыкты. Бул тууралуу элчи Мохаммад Латиф Баханд билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, Афганистанда коронавирусту 21 адам жуктурган.

"Ирандан келгендердин саны жогорулап жаткандыктан абалды көзөмөлдөө кыйынга турууда. Бирок массалык түрдө ооруну жуктурган учур каттала элек. Илдетти жуктуруп алган алгачкы бейтап 12-мартта айыгып, үйүнө жөнөтүлгөн", - дейт Баханд.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия деп сыпаттаган. Дүйнөнүн 140 өлкөсүндө 153 миңден ашык адам аталган дартты жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий