• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Афганистанда мина жарылып төрт баланын өмүрүн алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Афганистандын түндүк-чыгышында балдар ойноп жатканда эски мина жарылып, андан 4 бала каза тапканын жергиликтүү полиция кызматкерлерине шилтеме берүү менен “ Tolo News” телеканлаы билдирди.

“Балдар ойноп жатып мина таап алышкан, аны менен ойноп, ага таш ыргытканда ал жарылып кеткен. Жарылуу 4 баланын өмүрүн алган”,-деп жазылат укук коргоо органдары тараткан маалыматта.

Окуя шаршемби күнү Бурка уездиндеги Баглан провинциясында жанкечтилер тарабынан көзөмөлдөнгөн аймакта орун алган.

Афганистандагы кырдаал акыркы айларда начарлап кеткен. Буга чейин өлкөнүн айыл райондорундагы көптөгөн аймактарга ээлик кылып келген “Талибан” радикалдык кыймылы учурда чоң шаарларга кол салып башташкан. Ошондой эле, өлкөнүн аймагынада Ислам мамлекети тобунун таасири күчөп баштады.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий