• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Афганистанда террордук акт жасалып, 32 киши каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 12.09.18 /Кабар/. Афганистандын чыгышындагы Нангархар провинциясында жасалган террордук актынын кесепетинен 32 киши каза болуп, 128 адам жаракат алды.

Нангархар провинциясынын губернаторунун администрациясынын басма сөз катчысы Атауллах Хогяни “Анадолу” агенттигине билдиргендей, жанкечти жардыргыч затты Дехкаи уездинде болуп жаткан каршылык акциясынын катышуучуларынын арасынан иштеткен.

Жардырууга жоопкерчиликти азырынча эч бир террордук уюм ала элек.

Пикир

Оставить комментарий