• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Афганистандагы этникалык кыргыздардын массалык өлүмү тууралуу маалымат тастыкталган жок – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Афганистанда этникалык кыргыздардын белгисиз вирустан массалык түрдө каза болгондугу тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, этникалык кыргыздар белгисиз вирустан массалык түрдө өлүп жатканы тууралуу жалган маалыматты Бадахшандан (Тажикстан) келген этникалык кыргыз тараткан.

“Учурда бул маселе Кыргызстандын Кабулдагы (Афганистан) убактылуу ишенимдүү өкүлү Санжар Алгожоевдин көзөмөлүндө”, - деп белгиледи министр.

Ошондой эле Кулубаев кошумчалагандай, турмуштук оор шарттан улам жыл сайын ар кандай жагдайда Памирдеги этникалык кыргыздар каза болуп келет, бирок, алардын белгисиз вирустан массалык түрдө каза болгондугу тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Эске салсак, буга чейин ЖМКда Памирдеги этникалык кыргыздар белгисиз вирустан массалык түрдө каза болгондугу тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий