• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Афганистандагы кыргыздарга азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар бийик тоолуу катаал табигый климаттык шартта жашашат жана кышкы суук бул жерге дээрлик эрте түшөт.

Памирлик кыргыздар үчүн — 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатылып алынган, бул үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Азыркы учурда гуманитардык жүк белгиленген жерге жеткирилип, памирлик кыргыздарга бөлүштүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий