• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Афганистандагы памирлик кыргыздарга 95 тонна гуманитардык жардам жеткирилди — видео

Коом 0


Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Афганистандагы памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-9-октябрында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча КР УКМК экспедициялык тобу Афганистандагы оор кырдаалга карабастан Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасы тажик бийлигинин уруксаты боюнча мурда колдонулган Тажикстандын аймагы аркылуу өткөн коридордун оптималдуу узундугунун жана коопсуздугунун жоктугунан улам, биринчи жолу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизме боюнча, гуманитардык жүктөрдү Афганистандын өзүндө сатып алынды. Афган кыргыздарына жеткирилген негизги азыктын жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү.

Гуманитардык акциянын ишке ашыруунун алкагында, КР экспедициясы этникалык кыргыздардын мындан ары коопсуз жашоосун жана Афганистандын аймагы аркылуу эркин жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча, жана ошондой эле Афганистандын жарандары катары аларга ар тараптуу колдоо боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий