• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Афганистандан дагы 15 кыргызстандык эвакуацияланды – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта, Афганистандан дагы 15 кыргызстандык жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, кыргызстандыктар азыр Казакстанда.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Кабулдан Кыргызстандын жарандарын чыгарып кетүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ 17-августта, элчиликтин жардамы менен Кыргызстандын 9 жараны эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий