• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Афганистандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар үчүн Алайда үйлөр курулууда

Аймак 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Афганистандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар үчүн Алайда үйлөр курулууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 21-майда Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Талды-Суу айылында Памирден келген кыргыздарга делген үйлөрдүн курулушун баштоо иш-чарасына катышкан. Курулуш иштери үчүн республикалык бюджеттен атайын 10 миллион сом каражат бөлүнгөн.

"1,2 гектар аянтка 7 үй курулат. Аталган үйлөргө Нарын облусундагы памирлик кыргыздар көчүрүлүп келет", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жакында Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына памирлик кыргыздардын 11 үй бүлөсү – жалпы 50 киши көчүп келген.

Пикир

Оставить комментарий