• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Афганистандан Кыргызстандын 9 жараны мекенине эвакуацияланды – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Афганистандан Кыргызстандын 9 жараны мекенине эвакуацияланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Афганистандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу КР ТИМи КРнын Афганистан Ислам Республикасындагы элчилиги менен биргеликте Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда»,-деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 17-августуна карата элчиликтин жардамы менен КРнын 9 жараны мекенине эвакуацияланды.

«Калган бардык жарандар коопсуз жайда турат, азыркы учурда аларды КРнын Кабулдагы дипломатиялык миссиясынын имаратына жайгаштыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасына виза алуу жана эвакуациялык жардам сурап кайрылган этникалык кыргыздар деп эсептелгендер боюнча маалымат текшерилүүдө»,-деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий