• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Афганистандан 1,5 миң этникалык кыргызды көчүрүп келүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. 2024-жылга чейин эки жыл аралыгында Кичи жана Улуу Памирдин аймагынан 1,5 миң этникалык кыргыздарды (400 үй-бүлө) Афганистандан алып келүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, бул багыттагы иштерге 244 миллион 530 миң сом сарптоо пландалууда.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу маселесине өзгөчө көңүл бурат.

"2022-жылы этникалык кыргыздар үчүн үй курууга 77 миллион 220 миң сом бөлүнөт. Бул каражатка Ош облусунун Кашка-Суу айылында (70 га) 30 турак жай курулат", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий