• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Афганистандын түндүк провинцияларында беш миңдей "Ислам мамлекетинин" согушкери бар

Дүйнө 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Афганистандын түндүк провинцияларында беш миңдей "Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюмунун согушкери бар. Бул тууралуу Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, согушкерлер Сирия өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнбөгөн аймактарда жаңы топ түзүүгө же качкындардын лагеринде жашынууга аракет кылышууда, деп кабарлады Euronews.

Бортниковдун билдирүүсүнө караганда, бул террордук уюмдун мүчөлөрү өздөрүнүн өздүгүн жашырып, качкын жана мигранттар катары мурдагы Совет республикаларына кирүүгө аракет жасашууда.

Пикир

Оставить комментарий