• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Афганистандын ТИМ башчысы биринчи ирет расмий визит менен Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Афганистандын Тышкы иштер министри (ТИМ) Салахуддин Раббани биринчи ирет расмий визит менен Кыргызстанга келди.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Раббани кыргызстандык кесиптеши Чыгыз Айдарбековдун чакыруусу боюнча келген.

"Ачык, достук жана конструктивдүү атмосферада өткөн жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин Тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү КР менен Афганистандын ортосундагы мамилелердин заманбап деңгээлине канааттануу менен баа беришти", - деп кабарлашты ведомстводон.

Министрлер кыргыз-афган кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышкан.

Тараптар Афганистанда жана жалпысынан региондо тынчтыкты эртерээк орнотуу максатында регионалдык коопсуздук түзүмүн бекемдөө жана азыркы чакырыктарга каршы биргелешип күрөшүү маселелеринде бири-бирин өз ара колдой тургандыгын тастыкташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Афганистандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, бул багыттагы өз ара аракеттенүүнү биргелешип күчөтүүнүн андан аркы жолдору талкууланды.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында КР экономика министри Олег Панкратов менен Афганистандын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббани Афганистан Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-афган өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюшту", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кыргыз-афган мамилелеринин учурдагы абалын жана мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсүнүн келечегин чагылдырган Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Кол коюу аземинен кийин эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары ММК үчүн билдирүү жасашты.

Иш-сапардын алкагында Салахуддин Раббани "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы (Үркүн) кайгылуу окуяларда каза болгондордун монументине гүл койду.

Пикир

Оставить комментарий