• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Афганистандын жаңы дайындалган элчиси министр Казакбаевге ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 19-январында Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бисмеллах Вазири кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Афганистандын элчиси Вазири жолугушуу жана эл аралык протоколдук жол-жоболоруна ылайык, аталган кызмат ордуна дайындалгандыгы жөнүндөгү Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшыруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Б. Вазири учурдан пайдаланып, министр Казакбаевди жана ал аркылуу биримдик рухун көрсөткөн кыргыз элин президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Жолугушууда тараптар кыргыз-афган мамилелерин өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле диний экстремизм менен эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Министр Руслан Казакбаев Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарынын абалын жакшыртууга багытталган чараларды афган тарабы менен биргеликте кабыл алуунун зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Афганистанда этникалык кыргыздар топтолуп жашаган жерлерде инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, мектептерди, ооруканаларды жана жолдорду куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Министр акыркы саясий окуялардын жүрүшүндө Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоо үчүн афган тарабына ыраазычылык билдирүү менен бирге Кыргыз Республикасы акыркы он жылдыктарда Афганистандын өкмөтү жетишкен демократиялык өзгөрүүлөрдү, эң оболу, Афганистан Ислам Республикасынын тынчтыкка тез жетүү ниетин ар дайым колдой тургандыгын белгиледи.

Учурдан пайдаланып, министр Казакбаев АИРдин КРдеги элчиси Б. Вазирини Кыргыз Респуликасынын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы аземине чакырып, ошондой эле үстүбүздөгү жылы президент Ашраф Ганинин Кыргызстанга расмий сапарын уюштурууну сунуштады, сапардын жыйынтыгы кыргыз-афган кызматташтыгын бардык багыттар боюнча илгерилетүүгө кызмат кылаары белгиленди.

Элчи Вазири өз кезегинде кыргыз тарабынын сунуштарын колдоп, АИРдин Бишкектеги элчилиги кыргыз-афган мамилелеринин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүүчү иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун аягында министр Р. Казакбаев элчи Б. Вазириге кесиптик ийгиликтерди каалап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын уланышына үмүт артарын белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий