• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Афганстанда кайрадан Ашраф Гани президент болору күтүлүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Афганстандын президенти Ашраф Гани добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы менен президенттик шайлоодо жеңишке жетери күтүлүүдө. 22-декабрда Көз карандысыз шайлоо комиссиясы билдиргендей, ал шайлоочулардын 50.64 пайыз добушун алды.

Бюллетендерди саноодогу техникалык кыйынчылыктардан улам жыйынтыктарды жарыялоо бир нече жолу артка жылдырылды.

Ашраф Ганинин атаандашы, Афганстандагы аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла 39,52 пайыз добуш топтоду. Көз карандысыз шайлоо комиссиясы баштапкы маалыматтар өзгөрүшү ыктымал экенин эскертүүдө.

Буга чейин Абдулланын миңдеген тарапташтары добуштарды саноо учурунда Ганинин пайдасына бюллетендер бурмаланганын билдирип, нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Эгер Ашраф Гани кайрадан президент болуп шайланса, талибдер менен сүйлөшүүгө катышууну талап кылышы мүмкүн. Буга чейин Гани жана анын өкмөтү АКШ өкүлдөрү менен талибдер ортосунда жүрүзүлгөн сүйлөшүүлөргө катышкан эмес.

Ооганстанда президенттик шайлоо 28-сентябрда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий