• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АФК-2017 Кубогу: “Алай” жана “Дордой” Түркмөнстан жана Тажикстан чемпиондору менен ойношот

Спорт 0

Бишкек, 18-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бүгүн Азия футбол конфедерациясы – 2017 Кубогунун 3-турунун D тобунун мелдештери өтөт. Бул тууралуу КР футбол федерациясы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо борбордук “Дордой” Түркмөнстандын “Алтын Асыр” командасы менен беттешет. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат.

“Дордой” ФК салттуу сары-көк түстө чыгат. “Алтын Асыр” көк түстөгү формада ойнойт”, -деп белгилешти федерациядан.

Ошондой эле, Тажикстандын «Истиклол» командасы Оштун “Алайы” менен беттешет.

Белгилей кетсек, D тобунда футболдук клубдар экиден оюн ойношту. Ош шаарындагы Сүйүмбаев стадионунда 14-мартта “Алай” “Алтын Асырга” 1:2 эсебинде уттурган. 4-апрелде Бишкекте Алишер Азизовдун жалгыз тобу “Дордойго” жеңиш алып келген.

“Алтын Асыр” жана «Истиклол» 1:1 эсебинде жеңүүчүнү аныкташкан эмес. Эки турдун жыйынтыгы боюнча «Истиклол» жана “Алтын Асыр” 4төн, “Дордой” 3 упайга ээ. Ал эми “Алай” упай эсебин ача элек.

Пикир

Оставить комментарий