• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АФК-2017 Кубогу: «Алай» жана «Дордой» Түркмөнстан жана Тажикстан командаларынан утулушту

Спорт 0

Бишкек, 19-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кечээ Азия футбол конфедерациясынын топтук раундунда 3-турдун мелдештери өттү. Бул тууралуу КР футбол федерациясы билдирди.

“Дордой” жана “Алтын Асыр” (Түркмөнстан) командаларынын беттеши Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Оюн 2:0 эсебинде түркмөндөрдүн пайдасына жыйынтыкталды.

Мындан тышкары, Дүйшөмбү шаарында «Истиклол» оштук “Алай” командасы менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңип чыкты.

Жыйынтыгында “Дордой” турнирдик таблицада 3-орунда калды. Анын эсебинде 3 упай бар. “Алтын Асыр” 1-орунда 7 упай менен турат.

3 турдан кийин «Истиклол» жана “Алтын Асыр” 7 упайдан топтошуп, турнирдик таблицада алдыңкы орунда турушат. Ал эми “Алай” (0) – 4-орунда.

Кийинки тур 3-майга белгиленген. Ошто “Алай” «Истиклол» командасын, “Дордой” Түркмөнстанга барып “Алтын Асыр” командасы менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий