• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

АФК-2017 кубогун ойнотуунун алкагында «Дордой» 1:0 эсебинде “Алайды” жеңди

Спорт 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Азия футбол конфедерациясы – 2017 кубогун топтук ойнотуунун алкагында D тобунда 2-турдун оюну өттү. Бул тууралуу КР футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо борбор калаанын “Дордой” командасы менен Ош шаарынын “Алай” командасы беттешти.

Оюн 1:0 эсебинде “Дордой” командасынын пайдасына жыйынтыкталды, ал турнирдик таблицада 3 упай топтой алды. “Алай” командасында упай жоктугуна байланыштуу ал турнирдик таблицанын акыркы тизмесинде турат.

3-тур 18-апрелге белгиленген: “Дордой” түркмөнстандык “Алтын Асыр” командасын кабыл алат, ал эми “Алай” 17-майда конокто тажикстандык “Истиклол” менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий