• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АФК Кубогу: Бүгүн Бишкекте "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Истиклол" менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Бүгүн "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Истиклол" менен ойнойт. Ал оюн Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын оюндарынын алкагында өтөт.

Беттеш бүгүн Бишкектеги борбордук стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин эки команда Тажикстанда оюн өткөрүп, "Дордой" 1:4 эсебинде утулуп калган.

Учурда бир беттеши тең чыгып, экисинде жеңилген "Дордой" бир упай менен өзүнүн тайпасында акыркы орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий