• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АФК кубогу: Бүгүн кыргызстандык “Дордой” менен тажикстандык “Худжанд” оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн мелдештин тайпалык оюндарынын алкагында кыргызстандык “Дордой” менен тажикстандык “Худжанд” клубдары оюн өткөрөт.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, жыйынтыктоочу оюн, бүгүн, 30-июнда саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Кирүү акысыз.

Белгилей кетсек, эки команда тең F тайпасында жайгашкан. Эгер кыргызстандык команда “Худжандга” эки гол киргизсе, тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

АФК кубогу үчүн мелдешке Кыргызстандан эки клуб катышууда: “Дордой” жана “Нефтчи”. “Дордой” командасынын оюндары Бишкекте өтүп жатса, “Нефтчинин” (E тайпасы) беттештери Тажикстанда өтүүдө.

Ал эми “Нефтчи” дагы бүгүн тажикстандык “ЦСКА” менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий